Жалал-Абад облусунун аймагында “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү жана үгүтчүлөрү колго түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 26-февралда саат 08:00 чамасында Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнө караштуу Күмүш-Азиз айылынын 1981-жылкы тургунунун үйүнө Сузак райондук сотунун тинтүүгө уруксат берүү токтомунун негизинде ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын, Жалал-Абад ОИИБинин 10-бөлүмүнүн жана Сузак РИИБинин 10-бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин катышуусунда тинтүү жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында 1 даана өзбек тилинде жазылган китеп, 2 даана диск далил буюм катары алынган.
"Ушул эле убакта аталган айыл өкмөтүнө караштуу Масадан айылынын 1976-жылы туулган, буга чейин соттолгон К.М. аттуу тургунунун үйүнө соттун тинтүүгө уруксат берүү токтомунун негизинде милиция кызматкерлеринин катышуусунда тинтүү жүргүзүлүп, 2 даана дептер, 1 даана китеп жана уюлдук телефондун 7 даана СИМ-картасы далил буюм катары алынган. Топтолгон материал Сузак РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди",- дешти милициядан.
Ошондой эле Кургак-Көл айылынын тургунунун үйүндө жасалган тинтүүнүн натыйжасында 1 даана видеокассета, 2 даана өзбек тилинде ар кандай жазуулары бар жарым-жартылай күйгүзүлгөн баракча, 1 даана DVD-диск, 2 даана “Кифоя” аталышындагы китеп, 1 даана диний китеп жана 1 даана кара түстөгү ноутбук далил буюм катары алынган.
"Алынган далил буюмдарга соттук-теологиялык экспертиза дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Айта кетүүчү жагдай, 2015-жылы “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун 3 мүчөсү бул мыйзамсыз уюмдан чыккандыгын жалпыга эл астында билдирген",- деп эскертишти облустук милициядан.