Жол-кайгуул кызматкерин сабап, тергөөчүнүн погонун жулуп алган айдоочу 2 айга камалды

Жол-кайгуул кызматкерин сабап, тергөөчүнүн погонун жулуп алган айдоочу 2 айга камалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-февраль күнү Бишкек-Ош каттамында Токтогул шаарынан болжол менен саат 14:00дө катуу ылдамдыкта бараткан Тойота Виндом үлгүсүндөгү унааны Жалал-Абад ОИИБинин
жол-кайгул кызматкери Н.А. токтоткон, бирок айдоочу баш ийбей өз жолу менен кете берген. Анын аркасынан МАИ кызматкери кубалап барган. Бишкек шаарынын 34 жаштагы Улан К. аттуу тургуну унаасынан чыгып, МАИ кызматкерин уруп жиберген. Ал эми жардамга барган Токтогул РИИБинин аймактык тергөөчүсүнүн погонун жулуп таштаган. Бул иш боюнча айдоочуга карата "бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Таш-Көмүр шаардык сотунун токтому менен ал 2 айга убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
konsilium
2016-02-26 13:43:45
Ушу водителдер да ото эле кооп баратышкандай
-1
zikirovna
2016-02-26 15:46:47
Эмнеге эки айга?12жылга Камаш керек болчу ошондо башкаларга дагы сабак болот эле коробуз бул дагы акчанын кучу менен уй камагына чыгып кетпесе болду кыргызстанда качан мыйзам иштейт ОЗУ?
+2
Svoboda83
2016-02-26 16:05:37
Акырын шашпай эле айдабайбы кокус бироону сузуп кетсе эмне болот МАИ кызматкерлерине ар бир атуул баш ийиш керек Бирок МАИ кызматкерлерида ар бир атуулга жакшы мамиле жасаш керек Жон эле токтотуп акча ала бербей Бирибизге бирибиз сый корсотсок мындай иштер болбойт
+2
kubat2017
2016-02-26 20:35:28
Zikirovna мыйзамда еки ай цанса анан сот болот.тагдыр анан чечилет
0
AiBoru
2016-02-26 22:57:30
kubat2017,санкция
0
Elaman180993
2016-02-28 04:46:48
Erkek ekensin ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2016-03-01 12:23:30
Elaman180993 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан