Жумгалда аңчылыкка чыгып, октон каза болгон өспүрүмдүн өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Каза болгон баланын туугандары арыз жаза элек

Жумгал районунда кокустуктан башына ок тийип каза болгон өспүрүмдүн туугандары арыз жаза элек. Ал эми факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгонун 26-февралда SUPER.KG порталына Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Ороз Молдосариев билдирди.

"Аңчылыкка чыккан 9-класстын окуучусу кокустук менен теңтуш тууганын атып алган. Каза болгон бала быйыл 10-класста окумак, бирок ал 9-классты бүткөн соң мектептен чыгып алган экен. Учурда каза болгон баланын туугандары тууганчылыгыбыз бар деп милицияга арыз жазбай жатышат. Нарын ОИИБи факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Учурда иликтөө иштери улантылууда", - деди Молдосариев.

Белгилүү болгондой, кокустук менен тууганын атып алган окуучу бала азыркы тапта үйүндө.

Айта кетсек, окуя 23-февралда орун алган. Анда Баш-Кууганды айыл аймагынын 9-класстагы окуучусу теңтуш тууганы менен аңчылыкка чыккан. Этиятсыздыктан улам 9-класстын окуучусу тууганын башка атып алып, оор жаракаттан улам ал каза болуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Jaka1978
2016-02-26 15:36:00
Негизи ушул жумгал тарапта коп болот 2-3жолу уктум,жумгалдан ,этият болсо болушмак,кырсык да
0
Baymat
2016-02-26 18:36:07
Арыз жазбаса жазбаптырда булар эптеп бир чекесинен ондуруп алыштын жолун кылып жатса керек не аны сотко берип каматса не баласы тирилип калмак беле же тирилтип бермек беле камалып же бекер эле соттолгону калат бул ички иштер башкармалыгы эптеп каяктан кантип акча ондуруп алсак экен деп журотда пара алгысы келип бул арыз жазса ал эми наркы пара берип ишти басты басты кылса деп ойлоп жатса керекта
-1
ukmuw-ukmuw
2016-02-28 06:09:31
Baymat,анда тирилбейт да деп бири бирибизди атып сала берели закон деген закон
0
Kroxa
2016-02-26 22:55:37
Эми тууган болсо Эки баладан бирдей ажырашмак беле кокустук,кырсык деп калыштыда арыз жазганда камайт сот болгончо акча ондургусу келип кылмыш ишин козгодук дейт,,ай билбейм чондун баласы болгондо (аткан бала)ичсе эле жым болмок....
0
shamal81
2016-02-27 16:07:43
Кудайым ушундай кырсыктан сактасын өлгөн баланын арты кайрылуу болсун туугандар арасында ынтымак ыдырабасын
0
ss90
2016-02-27 22:35:05
тагдырында бар экен да...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан