Чүй облусунда уурулукка шектелип 28 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды

Чүй облусунда уурулукка шектелип 28 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 26 жаштагы Садовое айылынын тургуну кайрылган. Ал белгисиз адамдар анын үйүнө кирип ноутбук жана 4 компьютерин алып кетишкенин билдирген. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 80 миң сомду түзгөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 28 жаштагы О.И. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Учурда "уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү камакка алынып, иликтөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан