Жаңы төрөлгөн ымыркайын 30 миң сомго саткан 18 жаштагы А.Ш. аттуу айым 20-мартта кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, аталган айым 2012-жылдын 14-декабрында Чүй облусунун Москва районунда уул төрөп, 20-декабрда ооруканадан чыккан. Ушул эле күнү Беловодский айылындагы кафелердин биринен 1977-жылы туулган Н.Б. аттуу аялга баласын соодалаган. Бул окуя боюнча Москва РИИБи тарабынан кылмыш иши козголгону маалым болду.