Бишкекте "сейил бактан зордуктаган" деген шек менен Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен шаар тургуну кайрылган. Ал 25-февраль күнү саат 03:00 чамасында "Аламүдүн" базарынын жанындагы сейил бактан бейтааныш адам күч колдонуу менен аны зордуктаганын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Чоң-Кемин айыл аймагынын Т.С. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.