Бишкекте "күч колдонуу менен зордуктаган" деген шек менен жаңы конуштардын биринин тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Арча-Бешик жаңы конушунун тургуну кайрылган. Ал 26-февраль күнү саат 14:00 -16:00 аралыгында Көк-Жар жаңы конушунан Марсель аттуу жигит күч колдонуу менен аны зордуктаганын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары аталган конуштун К.М. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.