Борбор калаада баңгизат менен кичи райондордун биринин тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-февралда саат 19:00 чамасында борбордогу Бах жана Алтымышев көчөлөрүнүн кесилишинен документтерин текшерүү максатында шектүү жаран токтотулган. Тинтүү учурунда шымынын сол чөнтөгүнөн кагазга оролгон баңгизат табылган. Иликтөө иштеринин алкагында гашиш менен кармалган жаран Туңгуч кичи районунда жашаган И. У. аттуу шаар тургуну экени аныкталган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.