Пара менен кармалып жатып каза болуп калган Гапаровдун денесинде көк ала тактар болгону айтылды

И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаров 30 миң сом пара алып жатып кармалып, ошол учурда ал каза болуп калган. Медицина адистери Гапаровдун денесинде көк ала тактар бар экенин көрүшкөнүн академиянын басма сөз кызматкери Абибилла Пазылов SUPER.KG'ге билдирди.

Медицина адистеринин алдын ала жүргүзгөн сырткы текшерүүсүндө маркумдун денесинен ар түрдүү жаңы көк ала тактар байкалган. Прокуратура жана милиция кызматкерлери текшергенде бөлмө ичинен отургучтардын сыныктары табылган. Ошондой эле маркумдун кол саатынын, бут кийиминин боосу үзүлгөнү, галстугу жерде жатканы, көйнөгүнүн айрылганы белгилүү болду. Биз дагы колдо болгон каражаттар менен баарын тартып алдык.

Медицина адистери "сырткы күчтүн натыйжасында жалпы инфаркт алган" деген жыйынтык чыгарып беришти. Негизи, текшерүү иштери болуп жаткан маалда адам өзүн жаман сезсе, ага карата медициналык жардам берилип, анан улантылышы керек эле. Ал адам оорулуу эле, ага бир катар медициналык жардам көрсөтөлү дегенибизге көнүшкөн эмес. Биздин кызматкерлер киргенде Гапаров жерде жаткан. Бул иш боюнча маркумдун баласы Адыл Гапаров райондук прокуратурага арыз менен кайрылды”,- деди Пазылов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Shef87
2016-02-26 19:01:50
ошондо милийсалар урган болобу кармаганы барып
+3
Shpionka
2016-02-26 19:04:41
Shef87,милийсалар дейсинби
+1
Rifle_2
2016-02-27 09:29:55
Shef87,Ошойлор урушкан окшойт да, көк ала тактар , столдун сыныктары, көйнөктөрү айрылган болсо.
Байкуш ушунча жакшы иштеп келип, жакшы кызмат кылып, өлүмү өкүнүчтүү аяктаганы жаман болуптур.
+1
Shpionka
2016-02-26 19:03:18
Мына эми кызык. А силер форумчулар эчтеке боло электе олгон аламды жамандап жибересинер. (Мындан мурунку билдируулорго)
+7
Shef87
2016-02-26 19:03:20
же камок курам деген киши менен чогуу сабаганбы
-1
Parish
2016-02-26 19:07:13
Демек озунун ооруусу менен
кайтыш болбогон экен даа.
Медициналык жардам корсотуудон баш тартышканына
караганда,бир мандем бардай.
+2
kirgizstan
2016-02-26 19:40:52
Байкуш Бул пара да алган эмес ошентип жаап салабыз деп ойлошконго чамасы.
Жалгыз АЛЛАГА белгилуу эми
+13
Mongol1155
2016-02-26 19:46:58
Актануунун жаны жолдору го.Оорулуу болсо,эптеп оокат кылып жаткан адамдан пара талап кылбайт эле да.Негизи эле кийинки кундору медакадемия озу эле чыр окуу жайына айланып калган.
+1
tursunbaev78
2016-02-26 21:39:56
Кыргызстанда мыйзам иштебейт
+2
Drongo
2016-02-26 21:51:02
"Кыныр иш кырк жылда билинет"дегендей бул иштин кандай болгону эртеби кечпи билинет.
+1
adidas.
2016-02-26 23:16:39
Drongo,билинбейт! Иликтеген адамдарга билинсе да алардын сөздөрүн калкка жеткиздиришпей ар кандай жолдор менен бурмалап ишти жаап салганга аракет кылышат...
+7
Urmat-1989
2016-02-27 02:08:00
пара алса ушуну корот
-6
Zalkarbek.Kg
2016-02-27 03:09:11
Турганбаевтин командасы эч эле таза иштебедиго качан караба подстава же дагы башка нерсе и.т.д
-3
557
2016-02-27 14:09:30
Убалы, балдарынын коз жашы подстава кылган арамдарды эки дуйно тынч уктатпасын!
0
koshnazar
2016-02-27 14:23:52
жаткан жери жайлуу болсун АЛЛАХЫМ БЕЙШИНЕН берсин!!!
0
shamal81
2016-02-27 15:57:19
Милийсасы жакты
+2
Saltan1719
2016-02-29 11:52:03
Жаратканым ушул ишти жасагандардын жазасын берсин!!! Пара алып жатса кана видеосу? Биз кандай коомдо жашап жатабыз???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан