21-мартта саат 06:00 чамасында Чүй облусунун Сокулук районунда жол кырсыгы катталып, окуядан 2 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, БМВ унаасынын айдоочусу 24 жаштагы И.А. аттуу адам жогорку ылдамдыкта бара жатып рулду башкара албай, жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Кырсыктан айдоочу жана 24 жаштагы Т.М. аттуу жүргүнчү каза болуп, 2 жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен аймактык ооруканага жеткирилди. Учурда жол кырсыгынын келип чыгышын тактоо үчүн тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.