* Мындан 31 жыл мурун, 1985-жылы VI чакырылыштагы "Бир бол" саясий партиясынан ЖКнын депутаты, телеалпаруучу Лунара Мамытова Фрунзе шаарында туулган. 2006-жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетин артыкчылык менен, 2009-жылы юридика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 2001-2004-жылдары "Ош 3000" (ЭлТР) телеканалында программалардын алып баруучусу болуу менен баштаган. 2006-2015-жылдары КТРКда "Ала-Тоо" маалымат программасынын редактору, алып баруучусу жана бир нече теледолбоорлордун автору, ал эми 2015-жылы "Бир бол" саясий партиясынын басма сөз катчысы болуп иштеген. 2015-жылдын 4-октябрында "Бир бол" саясий партиясынан VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган.
* Мындан 90 жыл мурун, 1926-жылы Иосиф Сталиндин кызы Светлана Аллилуева Ленинград шаарында төрөлгөн. Светлана ММУнун тарых факультетинде билим алып, КПСС БКнын алдындагы Коомдук илимдер академиясында аспирантураны аяктаган. Аны бүтүргөндөн соң англис тили боюнча котормочу, адабий редактор болуп эмгектенген.
Советтик державанын диктаторунун тун кызы 1960-жылдардын аягында эле СССРден чыгып кеткен. Жашоосунун акыркы жылдарында ал коомчулукка көп чыкпай, журналисттер менен баарлашпай калган. Светлана Аллилуева 2011-жылы 22-ноябрда АКШда 85 жашында каза болгон. АКШдагы ММКлар ал рак оорусунан көз жумганын айтышкан. АКШ бийлиги анын каза болгонун бир жума бою жарыялашкан эмес.
* Мындан 34 жыл мурун, 1982-жылы орусиялык топ-модель Наталья Водянова Орусиянын Нижний Новгород шаарында төрөлгөн. Наташанын атасы үй-бүлөсүн таштап кеткен. Кыздары менен жалгыз калган Наташанын энеси аялдамада жемиш сатчу. Наташа кыздардын улуусу болгондуктан, кичинекей бөбөктөрүн багып, үй жумушун жасоого милдеттүү болгон. Кичүү сиңдисинин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондугуна байланыштуу апасы ооруканага көп каттоого аргасыз эле. Минтип апасы бошобогон кезде жемиш сатуу жумушу да Натальяга жүктөлө турган. 15 жашында досу Натальяны Евгений Чкаловдун моделдик агенттигине алып келет. 100 талапкер кыздын ичинен Евгенийдин көзү дал ушул Водяновага түшөт. Натальяга ал "англис тилин үйрөнүшүң керек" деген талап коёт. Ошентип, учурда дүйнөгө таанымал орус "Золушкасы" мына ушундай татаал турмушту башынан кечирген.
* Мындан 4 жыл мурун, 2012-жылы Кашкардын базарында соода кылып жаткан хан улутундагыларга бир нече уйгур улутундагылар кол салып, бычактап кетишкен. Хан улутундагы 13 киши жана уйгурлардан 7 киши өлтүрүлгөн.
28-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.