26-февралда Бишкектеги абактардын биринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жаран качып кеткени айтылды. Учурда Бишкектин четиндеги унаа жолдордо МАИ кызматкерлери унааларды токтотуп, текшерип жатканын окурман 27-февралда түнкү саат 02:30да SUPER.KG'ге кабарлады. Ал МАИ кызматкерлери Бишкек-Кант жолунда да текшерүү жүргүзүп жатышканын билдирди. "Кечээ кечинде бир адам абактан качып чыкканын айтып, унааларда ким бар, ким жок экенин карап жатышат. МАИчилер жол катар тизилип турушат, бирок кылмышкер кайсы абактан качканын айтышкан жок",- деди окурман.