Аламүдүн РИИБинде камакта отурган Азатбек Алымкулов аттуу жаран качты. Райондук милициядан 27-февралда кабарлашкандай, аталган жаран каракчылык кылмышына шектелип камакта отурган. Ал 1989-жылы 8-апрелде туулган, Нарын облусунун Жумгал районунун тургуну. Кармалганга чейин Бишкек шаарында жашап жүргөн.
Качкан жарандын белгилери: бою - 185-190 сантиметр, бет түзүлүшү сүйрү, чачы кыска. Кызыл түстүү спорттук кийим, кара түстүү спорттук шым, кара баш кийим (кепка), кара бут кийим кийип жүргөн. Шектүү жаран тууралуу маалымат билгендер Аламүдүн РИИБине (0312) 36-35-23, 43-01-27, (0701) 65-55-71, (0552) 88-88-38 телефон номурлары аркылуу чалып кабарласа болот.