Бүгүн, 27-февралда Бишкек шаарынын мэри болуп Албек Ибраимов шайланды. Шайлоодон кийин шаардык кеңештин депутаттары аны татыктуу иштөөгө чакырышты.
Шаардык кеңештин депутаты Эрнис Докенов: "Бишкектин тарыхы кооз сүйлөй албаган, бирок мыкты иштеген мэрлерди билет. Сиз ушундай адамдардын бири болоруңузга ишенебиз. Эгер сиз кол жеткис кыялдарыңызды айтпай, жакшы иштерди жасасаңыз, анда биз сизди колдоого даярбыз. Шаардык кеңеш менен биргеликте иштешериңизге үмүттөнөбүз, анткени биз баарыбыз жарандардын алдында жооп беребиз",- деп билдирди мэрге кайрылып.