Жанни Инфантино Эл аралык футбол федерациясына жаңы башчы болуп шайланды

Эл аралык футбол федерациясы 26-февралда кезексиз отурум алкагында шайлоо өткөрүп, жаңы президент шайланды. Бул кызматты швейцариялык Жанни Инфантино ээледи.

Жыйында аталган федерацияга мүчө болгон мамлекеттердин футбол федерацияларынын башчылары добуш беришти. Жыйынтыгында 115 добуш алган Инфантино жеңишке жетишти. Ал эми анын негизги атаандашы, Азия футбол конфедерациясынын учурдагы президенти шейх Салман 88 добуш топтоду. Калган талапкерлерден Иорданиянын ханзаадасы Али бин Аль-Хусейн 4 добуш алса, франциялык Жером Шампань бир дагы добуш ала алган жок.

Кошумчалай кетсек, буга чейин бул кызматты Йозеф Блаттер ээлеп келген. Коррупцияга байланышкан чуулардан кийин ал кызматынан четтетилип, ФИФАнын Этика боюнча комитети анын футбол жаатында ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө 8 жылга тыюу салган. Жакында бул чечим бир аз өзгөртүлүп, 8 жыл 2 жылга кыскартылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dan4ik.kg
2016-02-27 18:27:06
Ийгилик
0
asad345
2016-02-27 19:41:08
АКШ максатына жетиптир да 2018-жылдан кийин Россия спорт ааламынан оут да болот
0
Zalkarbek.Kg
2016-02-27 19:58:08
asad345,Наоборот РФС дагы ушул кандидатты колдоп жатышкан а АФКнын президенти шейх Салманды АКШ колдоп жаткан
0
MuslimNur95
2016-02-27 20:48:10
Шейх салман болбой калыптырда
0
Zalkarbek.Kg
2016-02-27 23:58:27
MuslimNur95,Муслимдерди жолотпой калыштыго
0
take.kg86
2016-02-28 08:15:46
Zalkarbek.Kg,туура айтасың аларды жолотпойт бизде дагы сдпк партиясы эч кимди жолотпогондой эле ал жердеда атаандаштык өтө күчтүү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан