Мадрид дербисинде "Реал" футбол клубу өз үйүндө "Атлетикого" утулуп калды (фото)

Бүгүн, 27-февралда футбол боюнча Испания биринчилигинин 26-турунда мадриддик клубдар "Реал" менен "Атлетико" беттешти. "Сантьяго Бернабеу" стадионунда орун алган беттеште коноктор 0:1 эсебинде жеӊишке жетишип, 3 упайга ээ болушту. Машыктыруучу Зинедин Зидан бул кызматтагы алгачкы жеӊилүү ызасын тартты.

Бир шаардан чыккан эки команданын оюну дерби деп аталып, кайсы мелдеш экенине, кайсы команда мелдеш жадыбалында жогору турарына карабай кызуу оюн болот эмеспи. Бул беттеш да оюндун жогорку ылдамдыгы, көп эреже бузуулар менен эсте калды. Көбүнчө "Реал" топко ээлик кылуу аракетин көрүп, улам сайын демилгени колго алып жатты. Ал эми "Атлетико" арты-артынан каршы чабуулдарды уюштурду. Алгачкы тайм 0:0 эсебиндеги теӊ чыгуу менен аяктады. 2-таймда "Атлетико" кезектеги каршы чабуулдардын биринде эсепти ачты. 53-мүнөттө Антуан Гризман айырмаланды. Оюндун калган бөлүгүндө "Реал" чабуул уюштурууда атаандашка караганда мыкты болгону менен, гол киргизүү аракеттери текке кетти.

Бул жеӊиш менен "Атлетико" Испания чемпиондугунда 26 оюнда топтогон упайларынын санын 58ге жеткирип, 2-орунду ээлеп турат. Ал эми 26 оюнда 54 упай топтогон "Реал" 3-орунда келүүдө. 1-орунда "Барселона" өз атын жазып келүүдө (25 оюнда 63 упай).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
saltanat.
2016-02-28 00:30:34
Күйөөм жинди болуп кете жаздады го, айкырынып, жинденип))))). Реал утулуп калды болду өлдү деди го. ))
+11
kazybek0108
2016-02-28 02:05:22
атлетико алга!!!!!!!!!!!!!!
+6
DOSY_1994
2016-02-28 02:16:21
Кубок уже Барсада десек болот.
+4
Abuxanifa
2016-02-28 04:11:18
DOSY_1994, (Абдылда айтмакчы) Саал эртераак эмеспи? Хотя бы Элклассикодон кийин 80% жениш биздики десек болуп калат окшойтко. Эгер Элклассикодо да женсек...
0
jeep9504
2016-02-28 02:56:03
супер эмнеге мындан дагы центральный ойундар болгон чыгарбадынар , анан биздин команда утулса чыгарасынар ((((
+4
Elaman180993
2016-02-28 04:02:18
Super
0
azazda
2016-02-28 06:29:53
(((
0
tynys88
2016-02-28 07:31:20
Peres jon gana klubtun prezidenti
0
take.kg86
2016-02-28 08:11:56
Ушул сезондо реал атлетикодон 2 чи жолу утулду биринчисинде атлетико өз үйүндө 4-0 эсеби менен утту болуш керек эгер жаңылышпасам
0
312-banda
2016-02-28 08:29:31
take.kg86,уйундо 1 1 ойногон
0
fara2503
2016-02-28 09:49:36
take.kg86, ээ досум ал откон сезондо. Бул сезондо тен чыгуу болгон
0
take.kg86
2016-02-28 10:30:44
fara2503, аа кечиресиңер өткөн сезонду айтып алган турбаймынбы. Бирок реалдын жеңилгени жаман болду Роналдо башы менен эки жолу аракет кылды гол болбой калды эми лига чемпиондо кандай болор экен романыго жеңди кийинкиси не болот
0
fara2503
2016-02-28 09:48:33
Трансфердик саясат начар болуп жатат. Перес мырзанын бирден бир катасы мыкты оюнчуларды оз курамыга алып келе албаганында . Акыркы 4 жылда соода сатык айдынында Барселонага мыкты 3 оюнчуларды алдырып ийди алар Неймар,Ракитич жана Суарес
+1
take.kg86
2016-02-28 10:33:59
fara2503, бейл не трамва алганбы оюнга чыкпай калды же аныда сатып жибердиби
0
fara2503
2016-02-29 15:46:49
take.kg86,трамва алып калган
0
islamchik
2016-02-28 10:49:46
25 оюн менен 63 упай топтоп барса алдыга чыкса 26 чы оюну менен кудай кааласа 66 упай менен дагы алдыга жылыш болот екенда )) барса негизи кучтуу команда )))
-1
Kuba9396
2016-02-28 11:46:18
Bale ushul sezondo 15 travma alyptyr.Oshogo bailanyshtuu chykpai atat.Jaiynda satyshat eken Baledi.
0
Niyazbek Torobekov
2016-02-28 18:31:43
Эн кымбат команда катары эле таанымал болгону!
Мага Барселона командасы жагат чыныгы оюн корсоткон команда))
+2
make2
2016-02-29 00:06:16
Реал жөнүндө жазбай деле койсоңор болот ортодон ылдый деңеелдеги комадаларга кошулду Бавария ПСЖ Барсаны жазсаңар боло
+3
Shakek
2016-02-29 01:17:59
бул сезондо реалга эч кайсы кубок буюрбаптыр
+3
Abuxanifa
2016-02-29 16:57:50
Хала Мадрид...

(Атлетикону айттым)))...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан