Индияда 35 жаштагы адам үй-бүлөсүнүн 14 мүчөсүн бычактап өлтүргөн соң асынып алды. Себеби белгисиз

Индияда 35 жаштагы адам үй-бүлөсүнүн 14 мүчөсүн бычактап өлтүрүп, анан асынып алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, 1981-жылы туулган Хансил Варекар майрамдык иш-чаралардын уюштуруучусу болуп иштеген, аймакта анын үй-бүлөсү бактылуу деп эсептелинген. "27-февралда кечинде Х.Варекар үй-бүлөсү менен үйүндө конок тоскон эле. Кечеден кийин туугандардын көбү түнөгөнү калышкан. Саат 02:00 чамасында Варекар сырткы эшиктерди кулпулап, аялын, 8 баласын, 3 эжесин жана ата-энесин бычактап салган. Андан соң ал өзү асынып алган",- деп полицияга таянып жазышты басылмалар.

Бул окуяны полицияга кылмышкердин эжеси айтып бергени маалым болду. "Анын кыйкырыктарын угуп калган кошуна үйгө кирүүгө аракет жасаган. Ал эшиктерди ача албай, биринчи кабаттагы терезелерди сындырып кирип, аялды куткарган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, ага жардам көрсөтүлүүдө. Үй-бүлөнүн башчысы эмне себептен мындай кылмышка барганы белгисиз. Полиция тергөө амалдарын жүргүзүп жатат",- деп айтылат маалыматтарда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
konsilium
2016-02-28 17:28:34
Ырас эле 14тон жок дегенде 4сунун алы жетпеди бекен ал жин даарыган немеге.
+1
insap
2016-02-28 17:31:28
Кудай өзү сактасын шайтанга жетеленген мыкаачылыктан...
+1
akzuura
2016-02-28 18:02:15
81-жылгы болсо 8 баласы болобу э(((
+4
Ayida
2016-02-28 18:17:09
14тортунун алы жетпесе тан калыштуу
0
Serenada
2016-02-28 18:40:02
Буларда эрте эле уйлонушот да
+1
Mercedes202
2016-02-28 18:48:33
Ии байкуштар тойго барбай эле койушса болмок экен, билген жок да ээ мындай болоорун
0
Adil706070
2016-02-28 19:14:23
ооруканага
0
Azura
2016-02-28 19:52:49
култап деген эмне?
-5
ali21eva
2016-02-28 19:55:34
Azura,бекитип,эшиктерди жаап деген
+2
Lumia-800
2016-02-29 00:16:15
Azura,
Култап дегенге тушунбосон башка создору аркылуу деле тушуунууго болот.
Эшик дегенди билээрсинго...
+5
Azura
2016-02-29 13:06:34
Lumia-800,адабий тилде туура жазышпайбы!
0
Gulya21
2016-02-29 00:34:23
Azura,кулпулап деп туратго култап эмес
-1
Azura
2016-02-29 13:06:07
Gulya21,ондолду
+1
take.kg86
2016-02-29 07:54:53
Azura, култап деген кулпулап
0
Azura
2016-02-28 19:54:16
Маанисине караганда "култап" - бекитип, кулпулап
+1
tursunbaev2016
2016-02-28 22:39:12
Azura,озун суроо берип,озун жооп берипсинго
+3
Azura
2016-02-29 13:05:50
tursunbaev2016,адабий тилде туура жазышпайбы!
-1
gulkar
2016-02-28 20:15:05
Эмнеге мындай жолго барганын озу м-н кошо ала кетиптир да.
Психический жактан оорусу бар окшойт да,норм адам андай жолго барбайт эле.
Же ичине жин кирип алып,ошол башкарып ушул олумго туртту да.
+2
huriza
2016-02-28 20:50:59
Kudai ozu saktasyn.
0
kanykey125
2016-02-28 21:52:07
Кудай сактасын.Астагфираллах..
0
nurkasym-2014
2016-02-29 07:51:20
Тунку саат 2лер деп турат.Конок тоссо анан чарчаган немелер уктайт да.Дагы эжеси калыптыр го.Тиги болсо жин даарып калган болуш керек.
+1
Nurmuhammad-1
2016-02-29 08:28:33
Ушу туугандар конок болуп келгенден кийин,аял эркек болуп аралашып жатып албай кетиш керек да үйлөрүнө.Айрыкча бизде кыргыздарда ушул нерсе көп кездешет. Бул Кудайдын бир жазасы,жөндөн жөн эч нерсе боло бербейт да. Кандайдыр бир күнөө иштер болгон.
0
begai93
2016-02-29 18:29:15
Баары уктап жатышса бир бычак сайганда эле уже алдары кете баштаса керек да же может мас болушкандыр дагы ким билет. Эмнеси болсода жаман эле болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан