Бүгүн, 22-мартта президент Алмазбек Атамбаев “2012-жылдын 30-мартында Баку шаарында кол коюлган Салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө КРнын Өкмөтү менен Азербайжан Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзам 2013-жылдын 28-февралында ЖК тарабынан кабыл алынган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.