Берлин (Германия) шаарында өткөн сууда сүзүү боюнча мелдеште кыргыз спортчулары ийгиликке жетишишти. КРнын Сууда сүзүү спорту боюнча федерациясынан кабарлашкандай, мелдештин экинчи күнүндө Дарья Таланова 50 метрге брасс стилинде жарышка түшүп, 1-орунду ээледи. Ушул эле стилде Кристина Панасенко 13-14 жаштагы спортчулар арасында алтын медаль тагынса, Денис Петрашов өспүрүмдөр арасында брасс стилинен жана баттерфляй стилинен 1-орунду камсыздаса, Рамазан Тайматов (50 метр) брасс стилиндеги жарыштан 17-18 жаштагы спортчулар арасында алтын тагынды. Елизавета Рогожникова 12 жаштагы спортчулар арасында чалка чабакта 2-орунду ээледи.
Чалка чабактан Никита Пауков (15-16 жаштагылар арасында) 10 метрлик жарышта алтын тагынса, Иван Пантелеев ушул эле чабак боюнча 11 жаштагылар арасында 1-орунду камсыз кылды.
Эркин жарышта болсо Асылбек Үсөнканов 17-18 жаштагылар арасында 100 метрликте күмүш тагынды. Спортчуларыбыз мелдештин экинчи күнүдө эстафетада күмүш алып келишти. Ошондой эле эркин жарышта Стас Карнаухов алтын, брасс стилинен Султан Букеев алтын, эркин жарышта Темирлан Каратаев алтын медаль тагынды.