Баткенде жаран 2 килограмм баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен билдиришти.
2016-жылдын 26-февраль күнү саат 20:00 чамасында Баткен ОИИБинин жана Баткен РИИБинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагына караштуу Кызыл-Бел айылында Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айылынын 56 жаштагы Т.М. аттуу тургуну текшерилген. Ал көтөрүп бараткан көк түстөгү "AVGAN" деген жазуусу бар пакеттин ичинен 2 даана целлофанга оролгон, өзгөчө жыты бар, ак түстөгү, героин баңгизатына окшогон, салмагы болжол менен 2 килограмм болгон зат калыстардын катышуусунда акт түзүлүп алынды. Бүгүнкү күндө алынган баңгизатына тийиштүү экспертизалар дайындалды. Ал эми кармалган жаран мурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 235-беренесинин (баңгизатын сактоо) негизинде соттолгону аныкталган.