27-февраль күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда жол кырсыгы болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек – Ош унаа жолунда, Бала-Чычкан айыл аймагында Мицубиси үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, Чычкан суусуна кирип кеткен. Унаанын ичинде 5 киши бар болгон. Жабыркагандардын баары Токмок шаарынын тургундары, алардын баары суудан чыгарылып, тиешелүү жардамдар көрсөтүлгөн. Алар ар кандай жаракаттар менен Токтогул райондук ооруканасына жеткирилишкен.