Токмок шаарында болгон өрттөн бир адам жабыр тартты. Бул тууралуу 29-февраль күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, турак үйдүн короосунан этиятсыздыктан улам өрт чыккан. Анын натыйжасында короодогу жарым тонна көмүр, бир тонна отун жана курулуш чарбасынын бир канча жери өрттөнгөн. Өрттөн 68 жаштагы К.Бористин денесинин 85 пайызы күйүк алган. Жабыр тарткан адам Токмок шаардык ооруканасына жеткирилген.