Чүй. Күн-Туу айылынан уй уурдоого шектелип Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды

Сокулук районунда мал уурдоого шектелип Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 38 жаштагы К.Б. аттуу Күн-Туу айылынын тургуну кайрылган. Ал 26-февраль күнү саат 12:30 чамасында белгисиз адамдар анын уюн уурдап кетишкенин айткан. Бул факт боюнча "мал уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 37 жаштагы Жалал-Абад облусунун К.У. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан