Экс-депутат Баяман Эркинбаевди өлтүргөн Сабыркул Батыровдун өлүмүнө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-февралда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти. Батыров камакка алынып, 2011-жылы май айында түзөтүү колониясынан өлтүрүлгөн.
Ал эми анын өлүмүнө шектүү адам кармалып, камакка алынды. Тергөөнүн кызыкчылыктарына ылайык, аталган мекеменин басма сөз бөлүмү кармалган адамдын атын атаган жок.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Баяман Эркинбаевди 2005-жылдын 21-сентябрында өз үйүнүн жанынан атып кетишкен. Анын өлүмүнө тийиштиги бар делип Батыров камакка алынган.