Адистер "Кыргызстанда кургак учукту бири-бирине жуктуруп алуу коркунучу жогору" дешет

Кыргызстанда учурда 23 медициналык кызматкер кургак учук илдети менен каттоодо турат. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта маалымат жыйынында Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдулат Кадыров билдирди. Анын айтымында, өлкөдө бул илдет менен ооругандар көп, ошондуктан жарандардын бири-бирине жуктуруп алуу коркунучу жогору. “Биздин борбордо медицина кызматкерлеринин арасында кургак учук менен ооругандар жок. Бирок жуктуруп алуу коркунучу күч. Себеби алар бул дарттын ачык түрү боюнча ооругандар менен да иштешет”,- деди Кадыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан