Баткен облусунда Тажикстанга аткезчилик жолу менен жүк өткөрүүгө аракеттенген кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу 29-февраль күнү Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-февраль күнү "Лейлек" чек ара тозотунан Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү унааны текшерүү маалында тиешелүү документтери жок, жалпы суммасы 100 миң сомду түзгөн 100 кап минералдык жер семирткич табылган. Бул факт боюнча тийиштүү документтер толтурулуп, жүк бажы кызматынын аймактык бөлүмүнө жеткирилип, айдоочу айып пул төлөдү.