Өлкө аймагында айдоочуну бычактап, изин жашырып кеткен экинчи унаанын ээсин издөө иштери жүрүүдө

Өлкө аймагында айдоочуну бычактап, изин жашырып кеткен экинчи унаанын ээсин издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-февралда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев билдирди.

"Айдоочуну бычактап, изин жашырып кеткен экинчи айдоочуну издөө иштери борбор калаада эле эмес, өлкө аймагында да кызуу жүрүүдө. Азырынча жүргүзүлгөн издөө иштери өз натыйжасын бере элек",- деди Казабаев.

Айта кетсек, 25-февраль күнү саат 15:30 чамасында Киев жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, айдоочулардын бири унаанын айнегин талкалап, унаа ээсин бычактап, изин суутуп кеткен. Бычактан жаракат алган айдоочу оор абалда ооруканага жеткирилип, ага операция жасалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_2
2016-03-01 07:00:04
Айдоочу машинанын номерин эстеп калды бекен ?
Же көргөндөр жардамдашып койсо болмок .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан