Борбор калаада 30 жаштагы айымды атып кеткен 2 жаран изделип жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 29-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 28-февралда саат 07:50 чамасында Лев Толстой жана Термечиков көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринин жанында болгон. Күбөлөрдүн айтымына караганда, ок тийген Мадина аттуу айым аталган аймактагы үйлөрдүн биринен чыккан. Ошол маалда үйдөн алыс эмес жерде турган 2 белгисиз жаран айымды көздөй ок чыгарган. Ок жабырлануучунун мойнуна тийип, бирок ал артка бурулуп үйдү көздөй кирип кетүүгө үлгүргөн. Ал эми жабырлануучуга карата ок чыгаргандар окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен.
Саат 08:11 чамасында аталган дарекке "Тез жардам" кызматы келип, оор жаракат алган айымды ооруканага алып кеткен. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүүлөр изделүүдө.