28-февралда "Манас" аэропортунун көзөмөл-өткөрүү бекетинен Түркиядан кыргыз жерине депортацияланган Бангладештин жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-февралда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган жаран Бишкек-Стамбул каттамы менен учуп, көзөмөл-өткөрүү пунктунан Бангладеште берилген паспортун көрсөткөн. Ал эми Стамбулдун көзөмөл-өткөрүү пунктунан кыргыз жаранына таандык жасалма паспортту көрсөткөн. Ушул себептерге байланыштуу ал Стамбулдан кайра кыргыз жерине депортацияланган. Тийиштүү документтер чогултулган соң кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.