Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 17 өрт кырсыгы катталып, Аламүдүн районунда дүкөн күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 17 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 19 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 29-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаада 3, Чүй облусунда 7, Ош облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.

Аламүдүн районуна караштуу Октябрь айылында өрт кырсыгы катталды. Анда 22-партсъезд көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн дүкөн толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан