Баткен облусунда чек араны бузган Тажикстандын 2 жараны кармалды

Баткенде чек араны бузган Тажикстандын 2 жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-февралда Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 28-февралда Лейлектеги чек ара тозотунун кызматкерлери чек араны бузган Тажикстандын 2 жаранын кармашкан. Иликтөө иштеринин алкагында кармалган жарандар мал кайтарып жүрүп чек арадан өтүп кетишкени аныкталган. Кыргыз Республикасынын Административдик кодексине ылайык, кармалгандарга акчалай айып пул салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rahim76
2016-02-29 23:01:43
Бали
0
Nazikbaigazy
2016-03-01 01:21:11
Оздору биринчи тийишип алатда байкуш кыргызымдын жигиттери мн чыр чыгарышат, жазалаш керек
0
Rifle_2
2016-03-01 06:54:36
Булар атайын акырын акырын ошол жердег ары бери өтүп жүрүп , акырында менчик кылып алышат . Өзбектер точно ошондой кылышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан