ЭЛДИК КАБАР: Москвада жумушка орноштурган ортомчу компания кардарларын жумуштан кетирип жатат

Москвада жумушка орноштурган ортомчу компания кардарларын жумуштан кетирип жатат. Бул тууралуу Москвадагы окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Кыргыз Республикасы Бажы союзуна толук кандуу мүчө болуп киргенден баштап, тактап айтсам, 2015- жылдын август айынан тарта "Вимм-Билль-Данн" компаниясы "Лидер Тим" ("Leader Team") деген ортомчу фирма аркылуу кыргыз жарандарын ишке ала баштаган. 2015-жылдын 9-декабрынан баштап кыргыз жарандарын ишке алууну токтоткон. Ал эми бүгүнкү күндө "Лидер Тим" фирмасы кыргыздарды кайрадан иштен негизсиз бошотуп жатат. Бул көрүнүшкө бизге иш берген "Вимм-Билль-Данн" каршы болгону менен, бизге жардам бере алган жок. Ортомчу фирманын айтымында, эки кыргыз жараны Федералдык миграциялык кызматына түшүп, алар үчүн фирма айып пул төлөгөн имиш. Бул фирмада жүздөн ашык кыргыз балдар-кыздар иштешет. Баарыбыз мерчендайзер болуп иштейбиз. Бизге ким жардам берет?"- деген суроо жөнөттү окурман.

Ошондой эле окурмандын кесиптеши "Вимм-Билль-Данн" компаниясынын супервайзеринен "компания ("Лидер Тим") орус жарандары менен гана иштешүү чечимин чыгарыптыр" деген жоопту алган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Uli6886
2016-02-29 19:19:58
Кабарлаганын жакшыго бирок ушуга биздин атка минерлерибиз баш оорутат деп ойлойсунбу???
+10
Rifle_2
2016-03-01 06:30:22
Uli6886,алар кресло талашып бүтүштү окшойт . Азыр куудулдарды сотко берүү менен алек. Ушул маселе чечилмин, мүмкүн карап калат.
0
ilbirs
2016-02-29 19:28:01
Ооба, бажы биримдигине кирдик деп россияга келип алып, ушуга окшогон корунуштордон улам зыян тартып, кыйналган кыргыздар чекеден чыгат.
+6
eduardali
2016-02-29 19:44:49
Меербек мискенбаевге айтыш керек экен бул проблеманы.
+12
Rifle_2
2016-03-01 06:30:55
eduardali,ал болгон күчүн жумшап, чечүүгө аракет кылабы ?
0
Gulya21
2016-02-29 19:50:39
Бажы биримдигине кошулганыбыз мн эч нерсе озгоргон жокго
+3
nurik2103
2016-02-29 19:59:14
Gulya21,ал жакта озгорбосо озгорбойле койсун главный Кыргызстан озгорсо болду!
+2
Shahro
2016-03-01 03:36:46
nurik2103,кандайча озгорбосо озгорбосун кыйын болуп атат бул жактагыларга
-2
Rifle_2
2016-03-01 06:34:30
Кыргыздар ошол жактан нанын таап жеп жаткандан кийин, ошол жакты да өзгөртүш керек. Эгерде баары Кыргызстанга келсе , жумушсуздуктун айынан митин, талап тоноо көбөйүп кетет. Көрдүк го бажы союзуна кирүүгө аз калганда, Бишкекте талап тоноо көбөйүп кетти. Депорт болгондордун баары Бишкекке келишип .
+1
begai93
2016-02-29 21:04:12
Даа.. бизге патент эле жасатпаганы болбосо а так ошол эле боюнча! Бирок бир жагынан ошого деле шугур дейли себеби патентке милдеттуу Озбек Тажик ж.б жарандарын коруп атабыз, требуется патент как регистрация! Кочодо менттери ошону сурабаганына шугур! Эсли ТСга кирбегенде рубль и так тушмок плюс патент жасап хуже болмокпуз деп ойлойм!
+6
kuba-kj
2016-02-29 21:06:21
ээ мекендештер,мен билгенден москвада жумуш табуу ото кыйын болууда. мен 5 жыл журуп,быйыл 6чы жылга баратат,бир да фирма мн иштешкен эмесмин. частный жумуш кылам ошонун озундо жумуш табуу кыйын болуп калды.
0
josholu
2016-02-29 22:25:06
Тс деген неменер ХХХ го неге кошулду ага билбейм жарытылуу эчнерсе озгорбоптур го
-1
Rifle_2
2016-03-01 06:35:28
josholu,документчи ?
0
admin_portal
2016-03-01 11:43:45
josholu - эскертүү!
Этика нормаларын сактаңыз.
0
AriAdi
2016-03-01 00:47:10
Патент кылып иштесен ортомчу фирмаларга жакшы, анткени налог толошпойт. Азыр Кыргыздар ТС киргенден кийин жумушка алган ишкана налог жана соц фонд тологонго тийиш.
+1
sagynbekr
2016-03-01 01:03:54
Азыр Кыргызстан емес башка олкодогулор деле ыйлап жатышат Орустар оздору иш жок двордо иштеп калышты
0
anar07
2016-03-01 17:06:53
Кризиске байланыштуу жумуш табыш кыйын болуп атат,коптогон мекендештер келишип иш таппай кыйналып атышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан