Жалал-Абад. Облус аймагындагы тартип бузууларды алдын алуу үчүн 68 ишеним кутучасы орнотулду

"Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Малик Нурдиновдун 18-февралда "Жалал-Абад ОИИБинин өздүк курамынын аткарган жумушун көзөмөлдөө жана жогорулатуу жөнүндө" буйругу чыккан. Буга байланыштуу, учурда облустун аймагында коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо максатында жер-жерлерде жасалган кылмыштар жана кылмышка шектүүлөр тууралуу маалыматтар өз убагында алынууда". Мындай билдирүүнү аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле жер-жерлерде жасалып жаткан тартип бузуулар менен кабардар болуп туруу максатында облус аймагында 68 даана ишеним кутучасы орнотулганы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан