Айыпталуучу Алымкулов күзөтчүлөр менен спирт ичимдигин ичип жаткан маалда качып кеткен

Каракчылык боюнча айыпталып, кийин качып кеткен Азатбек Алымкуловду алып кеткен күзөтчүлөргө карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы 29-февралда билдирди.

Маалым болгондой, айыпталуучуну качырып жиберген Аламүдүн РИИБинин күзөтчүлөрү ошол күнү аны менен кошо жубайы жашап жаткан үйүнө барышкан. Ал жерден спирт ичимдиктерин ичип жаткан маалда Алымкулов башка бөлмөнүн терезесинен чыгып кеткен. Анын качканын күзөтчүлөр болжол менен саат 19:20да билишкен.

Алымкулов каракчылык кылмышына шектелип камакта отурган. Ал 1989-жылы 8-апрелде туулган, Нарын облусунун Жумгал районунун тургуну. Кармалганга чейин Бишкек шаарында жашап жүргөн.

Качкан жарандын белгилери: бою - 185-190 сантиметр, бет түзүлүшү сүйрү, чачы кыска. Кызыл түстүү спорттук кийим, кара түстүү спорттук шым, кара баш кийим (кепка), кара бут кийим кийип жүргөн. Шектүү жаран тууралуу маалымат билгендер Аламүдүн РИИБине (0312) 36-35-23, 43-01-27, (0701) 65-55-71, (0552) 88-88-38 телефон номурлары аркылуу чалып кабарласа болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Nurtilek001
2016-02-29 18:46:51
Акмак немелор го кайра кылмышкер мн ээрчишип алып арак ичип,жумушка деген жоопкерчиликтин жоктугунан ошондой кылышты да, козомол кылып тартипти бекем кармаш керек болчу,кылмышкерди жеткирчу жерге жеткирбей кайра аны мн ээрчишип журуп алгандары эмнеси,жазасын бериш керек.
+5
Uli6886
2016-02-29 19:09:27
братан мен деле эркемин десе кайран эркек кузотчу ишенгенда))))
+1
Rifle_2
2016-03-01 09:18:32
Uli6886,эркекмин , акырына келгенде саунада сууну куюптур да.
+1
Mars55
2016-02-29 19:21:31
Карышкырга кой кайтартып жүрө беребиз дайым эле.
+3
Mongol1155
2016-02-29 19:41:34
Мына сага тамаша.Качкан жигиттин ордуна булар отурат турбайбы?
+2
Rifle_2
2016-03-01 09:19:04
Mongol1155,больницага жатып калат, ооруп калган болуш керек
-1
taro
2016-02-29 19:50:34
Бул кыргызстан,тушунобуз...
+2
KGstan81
2016-02-29 23:02:05
ИИМдин башчысы Мелис Тургунбаев турганда тушунсо болот
+1
Rifle_2
2016-03-01 09:19:39
KGstan81,ошолордун баарын иштен айдаш керек, чоңун кошуп.
0
Nazikbaigazy
2016-03-01 01:07:09
Ай лохтор ай, ушундайда жумушчулар болобу отургула эми озунор
0
incognito1
2016-03-06 18:50:36
Конвоирлерди саунага алып барып, мас кылып, качып кетиптир дейт, ошол чынбы? деп жазган элем. Чын турбайбы. )) сауна алып барып, аябай жыргатып, кыздарды чакырып берип, анан качып кетиптир деп уккам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан