Улан Токтосуновго (кылмыш дүйнөсүндөгү каймана аты Сакал) карата Бишкек шаардык соту анын баш коргоо чарасын Токтосуновдун катышуусусуз карады деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Муну бүгүн, 29-февралда Жогорку Соттун басма сөз кызматы кабарлады.
"2013-жылдын 13-январында Биринчи Май райондук соту Улан Токтосуновдун баш коргоо чарасын 2016-жылдын 13-январынан 14-февралына чейин камакта болуу деп аныктаган. 2016-жылдын 12-февралында Улан Токтосуновдун баш коргоо чарасы 2016-жылдын 14-мартына чейин узартылган. Соттолуучу Токтосунов соттук процесске Нарындагы СИЗОдон алынып келинип, катыштырылып, кайра ошол жакка күзөт менен жеткирилген",- деп айтылат маалыматта.