2012-жылы Кыргызстанда кургак учуктун дарыга туруктуу түрү менен ооруган 3 миң 377 бейтап катталган. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта маалымат жыйында Улуттук фтизиатрия борборунун башчысы Абдулаат Кадыров билдирди. Айтымында, кургак учуктун бул түрүн өлкөдө 2005-жылдан баштап дарылоо башталган. “Ал учурда борбордо болгону 50 орун бар болчу, учурда Бишкекте 4 бөлүм жана райондордо 2 бөлүм иштейт”,- дейт Кадыров.