Сокулук районунан "жаңы төрөлгөн кызын 2 миң сомго сатып жиберген" деп шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын расмий сайтында жарыяланды.
2016-жылдын 27-февралында Сокулук районунун Ички иштер башкармалыгына Асылбаш айылынын Ш.А. аттуу тургуну арызы менен кайрылган. Кайрылган жарандын айтымында, анын Ж.А. аттуу аялы жашы жете элек уулун жана кызын 80 миң сомго сатып жиберген. Ошондой эле 2015-жылдын январь айында кыз төрөп, аны 2 миң сомго Чүй облустук төрөтканасынын акушерлерине сатып жиберген. Андан соң айтылган жашы жете элек балдарга төрөлгөндүгү тууралуу жаңы күбөлүктөр жазылган.
Кылмышка шектүү делген Ж.А. кармалып, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.