Эрдик көрсөткөндөр "Сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн медалы" менен сыйланышты

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Бороновдун “Сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн” сыйлоо жөнүндө буйругун Кыргы Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн башчысы ээлерине тапшырды. Буйрукка ылайык, Адилет Аликеев, Бурулай Абдыбекова жана күч түзүмдөрүнүн биринин кызматкери куткарууга катышкандыктары үчүн сыйланышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Окуя 2016-жылдын 2-январында саат 15:00 чамасында болгон. Анда Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Көл шаарында Адилет Аликеев, жубайы Арскан Жапаркулова жана эки баласы менен автоунаада шаардын ичинде жайгашкан Комсомол көлүнүн жанынан келе жатышкан. Бурулай Абдыбекова жолго чыгып, аларды токтотуп, көл үстүндө 6 жашар кыз муз тээп жатканда муз жарылып, сууга түшүп кеткенин айткан. Адилет Аликеев автоунаасынан түшүп, куткаруу максатында көл жээгине келип, 30-40 метр муз үстүндө басып барып, кыздын колунан кармап, аны өзүнө тарткан учурда муз сынып, куткарууда бир топ кыйынчылыктар жаралган. Жыйынтыгында 6 жашар кызды кармап, чөктүрбөгөнгө болгон аракетин жасаган. Аларды көрүп калган күч түзүмдөрүнүн биринин кызматкери аркан таштап, биргеликте кызды куткарып, көл жээгине алып чыгышкан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан