Москвада метронун рельсине кулаган аялды куткарып калган Марат Исаевдин ата-энесине сыйлык тапшырылды

11-февралда Москва шаарындагы метронун рельсине кулаган аялды куткарып калган Марат Исаев ата-энеси менен Москвадан Ош шаарына келип, жакын туугандары, санаалаштары менен жолугушту. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү да ага жолугуп, атасы Орозмат Исаевди жана апасы Дамира Уметкулованы билим берүү тармагындагы окуу-тарбия иштериндеги үзүрлүү эмгеги жана Мараттай эр жүрөк уулду тарбиялап өстүргөндүгү үчүн Ардак грамота жана акчалай сыйлык менен сыйлашты. М.Исаевдин ата-энеси Ош шаарындагы №21-мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп эмгектенишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Elime
2016-03-01 09:08:04
Азамат жигит экен бул нерсе анча-мынчанын колунан келе бербеген эрдик.Ата-энесине рахмат бар болушсун.Элибизде кыргыздын атын далайга тааныткан уул кыздарыбыз коп болсун!
+5
ekaterinburg
2016-03-01 09:28:36
Ушундай позитивдуу жанылыктардан коп болсо...Олду,сойду,жеди дегендерден коро.Марат-азаматсын!Ата-энесине рахмат!
+5
radyakiz
2016-03-01 09:41:27
Марат азамат жигит экен. Карагылачы баласынын артынан ата энесине да иштеген жеринен конул бурулуп атат,болбосо качан конул бурулмак эле.......
+3
Munar8625
2016-03-01 09:51:47
Марат сенин ердигин Тарыхта калат. Чолпонбайдай .КЫРГЫЗ элиме сыймыктанам.
+3
Inna_91
2016-03-01 10:00:51
Эми президент акча берсин
0
alik.1982
2016-03-01 10:39:56
Inna_91,президент алтын саат менен 100000 сом бердиго москванын меери 500000 берди молодец
+8
tairermatov
2016-03-01 10:13:12
Биздин баатыр)
+2
AiBoru
2016-03-01 10:46:53
Баланы тарбиялаган ата энесине таазим, жана баласынын эрдиги учун ата энесин сыйлаганы эн соонун сыймык.
+3
Abdurahman
2016-03-01 10:54:28
Молодец озумун досум жердешим да. Уул деп ушуну айт ата-энесинин сыймыктануусунда чек жок болсо керек бул жакта туруп биз канча сыймыктанып атабыз
+2
KGstan81
2016-03-01 12:42:56
Биздин кээбир озуну баатыр деп эсептеген жеп жутарлар кудулдарга асылбай ошол эр журок Маратан улгу алышса болмок.
+1
aydarov...
2016-03-01 14:05:31
Эркек
0
tairermatov
2016-03-01 14:18:39
Көрүп туруп Маратбектин эрдигин.
чын жүрөктөн кубанууда эл бүгүн.
Кыргыз уулу да бир жолу көрсөттү.
Кыргыздардын ай көлдүгүн кеңдигин!!
+1
Jazim93
2016-03-01 19:51:27
Азаматсыз ушундай баатырлар коп болсун!
0
nazira1989
2016-03-01 23:15:35
Кандай эне тороду экен Мараттай уулду???...Ата-Энесине ийилип таазим...Бактылуулук,ыймандуулук каалайм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан