Борбор калаада 76 жаштагы аялды тоноого шектелип шаар тургуну кармалды

Борбор калаада 76 жаштагы аялды тоноого шектелип шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 76 жаштагы Ц.С. аттуу аял кайрылган. Ал 23-февраль күнү саат 17:00 чамасында белгисиз адам анын үйүнө кирип, күч колдонуу менен 46 миң сомун алып кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Ю.В. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан