29-февраль күнү саат 23:29да Талас облусундагы Чандалаш тоо кыркасында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу 1-мартта Сейсмология институтунан билдиришти.
Жер титирөө Чоң-Кара-Буура айылынан 32 чакырым түндүк-чыгышка, Бейшеке айылынан 37 чакырым түштүк-батышка, Бакай-Ата айылынан 42 чакырым түштүк-батышка, Талас шаарынан 66 чакырым түштүк-батышка карай жайгашкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыйроолор жана жабыр тарткандар жок.