Борбор калаада кызды кафеге чакырып, 10 миң сом төлөй албай качып кеткен шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 23 жаштагы П.А. аттуу кыз кайрылган. Ал саат 23:00 чамасында Азамат аттуу жигит анын ишенимине кирүү менен кафеге чакырып, кийин 10 миң сом төлөй албай качып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 24 жаштагы Э.Азамат аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.