"100 миң сомго бааланган уюлдук телефонду уурдаган" деген шек менен Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, борбор шаардын 42 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал 2-февраль күнү болжол менен саат 23:30да белгисиз адам үйүнүн ичинен 100 миң сомго бааланган ZTE үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткенин айткан. Бул ишке шектүү катары борбор калаанын 42 жаштагы тургуну кармалып, тергөө иштери башталды.