Баткенде кылмыштуулуктун алдын алуу максатында өспүрүмдөрдүн арасында кароо-сынак болуп өттү
Баткен облусунун мектептериндеги “Милициянын жаш жардамчысы” отрядынын облустук кароо-сынагы болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кароо-сынактын максаты - өспүрүмдөр арасындагы ар кандай укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу. Бул кароо-сынакка февраль айында райондук, шаардык деңгээлде өткөрүлгөн сынактан жеңип чыккан 6 команда катышты. Баткен шаарынын Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин “Милициянын жаш жардамчысы” отрядынын мүчөлөрүнөн түзүлгөн “Алмаз” командасы жеңүүчү деп табылып, март айында Бишкек шаарында өтүүчү республикалык кароо-сынакка катышууга жолдомо алды.
"Бул кароо-сынактын негизинде Баткен ОИИБинин жыйындар залында облустук билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, дин кызматкери, Баткен облустук бириккен ооруканасынын дарыгер-психиатры жана Өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекциянын тескөөчүлөрү менен биргеликте тегерек стол болуп өттү. Анын жүрүшүндө акыркы мезгилде актуалдуу маселелердин бири болгон өспүрүмдөр арасындагы ар кандай укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, өспүрүмдөргө карата жасалган зордук-зомбулукту болтурбоо жана башка көйгөйлүү маселелер талкууланды", - деп айтылат маалыматта.