Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 15 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 17 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 4, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 5, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталды.
Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда жалпы аянты 150 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер жабылган бастырма, 100 түк чөп, эки бөлмөлүү турак үйдүн жыгач шыбы, үй ээсинин документтери күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.