Бишкектеги селсаяктардын 78 пайызы кургак учуктун ачык түрү менен ооруйт

Бишкек шаарындагы селсаяктардын 78 пайызы кургак учуктун ачык түрү менен ооруйт. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта маалымат жыйында Бишкек шаарындагы Саламаттыкты сактоо департаментинин жетекчиси Амангелди Мурзалиев билдирди. Айтымында, Бишкекте каттоого алынган 91 селсаяк бар. “Бул илдет менен жабыркаган селсаяктардын көпчүлүгү Свердлов жана Ленин райондорунда. Анткени аталган райондордо ири базарлар жайгашкан”,- дейт Мурзалиев. Ошондой эле 25-26-март күндөрү базарларда иштегендер акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрүлө тургандыгын кошумчалады ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан