Муфтият 2016-жылы ажылыкка барчу зыяратчылардын кийимин тигүү боюнча сынак жарыялайт

Муфтият 2016-жылы ажылыкка барчу зыяратчылардын кийимин тигүү боюнча сынак жарыялайт. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган сынак дизайнерлер арасында жыл сайын өткөрүлүп келет. Анын баасы орто эсеп менен 20 доллардын тегерегинде болушу зарыл. Аталган сумманы зыяратчылар өздөрү төлөшөт.

Сынакка былтыр 4 тигүүчү катышып, алардын арасынан бардык талаптарга жооп берген 1 дизайнер 3685 адамга атайын кийим тигип берген. Сынакты биз жыл сайын өткөрбүз, бир буйрутманын баасы 600 миң сомду чапчыйт. Мындан улам бардык каалоочулар мүмкүнчүлүктөн пайдалансын деп жылда өткөрөбүз.

Зыярат маалында күн өтө ысык болгондуктан, биз ак, күңүрт жана боз өңдөргө басым жасайбыз. Ошондой эле кездеменин сапаты жана тигүү мөөнөтү каралат”,- дешти муфтияттан.

Айта кетсек, тандоо комиссиясына бардык мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирет. Ал эми тигилүүчү кийимдер штаб мүчөлөрүнө, аялдарга жана эркектерге деп бөлүнүп, ар бир комплект жок дегенде эки бөлүктөн турушу керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
alhamdulillah
2016-03-01 12:01:39
Ажыга баруу насип етсин
+1
Nur_Iman
2016-03-01 12:26:52
alhamdulillah,Амииин!
0
KGstan81
2016-03-01 13:03:00
Билим министирлиги Муфтият кызматкерлеринен барып сабак алсанар болот кантип мектеп формаларын тигиш керектигин.Мага аябай жакты кыргыздын улуттук арнаментери жакты.Ин шаа Аллах Кудай Буйурса бизге дагын насип этсин Ажыга зыярат кылганы.
0
future_kg
2016-03-01 13:44:16
Качан отот Жана кимге кайрылабыз?
-1
Kasha03
2016-03-01 15:28:11
future_kg, Муфтият азыр жарыя кылса, учурда өтүп жатат да, анан Муфтият өткөрүп жатса, ошол жакка кайрыласыз да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан