Жалал-Абадда "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун жумушчулары бир нече талап менен нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу "Кыргызнефтегаз" ААКнын Профсоюздар уюмунун төрагасы Акынбек Раимкулов SUPER.KG порталына билдирди.
"Бүгүн "Кыргызнефтегаздын" 2 миңге чукул жумушчусу чогулду. "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунда абал төмөндөп кеткенине байланыштуу чоң жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышышты. Жыйын кандайдыр бир күчтөр тарабынан ишканага бут тосуулар болуп, иш алдыга жылбай жаткандыктан уюштурулду. Негизинен айта кетсек, бүгүнкү күндө мазут маселеси чечилбей, жумуш орундарынын кыскаруусу да маселелерди жаратып жатат. Анан да ишканага келе берген тынымсыз текшерүүлөр жумушчуларды тажатты. Ушул маселелерден улам алар бүгүн чогулуп, президентке, өкмөткө бир нече талаптарын жеткирүүгө аракет кылышып, ой-пикирлерин айтышты",- деди Акынбек Раимкулов.
Чогулуш 2 саатка созулуп, жумушчулар тарап кетишти. Учурда алардын талаптары президентке жана өкмөткө даярдалып жатканы маалым болду.