Бишкектеги базарлардын биринен 10 миң сомдук кийим-кече уурдоого шектелип 40 жаштагы аял кармалды

Бишкектеги базарлардын биринен 10 миң сомдук кийим-кече уурдоого шектелип 40 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 33 жаштагы В.Ю. аттуу жаран кайрылган. Ал 28-февраль күнү саат 15:00 чамасында "Дордой" базарындагы контейнеринен белгисиз адам жалпы суммасы 10 миң сомду түзгөн кийим-кечелерди уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 40 жаштагы А.Э. аттуу аял кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан