Узакка созулган аномалдуу жылуу жана кургак аба ырайынан кийин аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришкендей, 2-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактардын автоунаа жолдорунда кар күрткүсү жаралып, жолдор тоңголок, тайгак болот.
Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.
2-мартта жана 3-мартта түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт: Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын өрөөндөрүндө, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…5° суук, күндүз 7…12° жылуулукка чейин, Талас өрөөнүндө жана тоо этектеринде түнкүсүн 1…6° суук, күндүз 3…8° жылуулукка чейин.
Мындай аба ырайы унаа жолдорунун абалын начарлатат, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.